Өмүрбек Текебаев: «Ахматбек Келдибеков менен болгон окуя жабылды»

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ахматбек Келдибеков менен болгон окуя чечилип, жабылганын жазды.

«Азыр эле Ахматбек Келдибеков телефон чалды. Саламдашып, ал-акыбал сурашып туруп, «Өмүрбек ака, бир пост жазган экенсиз, элдин баары ызы-чуу болуп жатып калышты. Пост жазаардан мурун сиз мага бир чалып, тактап алсаңыз жакшы болмок экен. Мен чын эле сотто болдум, көрсөтмө бердим. Бирок сиз жөнүндө тигил же бул нерсени кесе айткан жокмун. Айрым журналисттер деле ашырып жиберишет. Эгерде мурда ортобузда өйдө-төмөн окуялар, кер-мур айтышкан учурлар болсо, ал өткөн чакта калды. Азыр менин сиз жөнүндө оюм түз» деп айтты. Ахматтын ука катары өзү чалып, мен жөнүндө жаман айтпагандыгын түшүндүргөн сөздөрү мени ынандырды. Мага андан ашыгынын деле кереги жок эле. Инцидент ушуну менен жабылды», — деди ал.

Өмүрбек Текебаев буга чейин соцтармактагы баракчасында «актоо эмес, тактоо» деген аталыш менен билдирүү жарыялаган.