Өмүрбек Текебаев: «Элчилик кызматын Жээнбековдун атынан Дастан Жумабеков сунуштаган. Сот ишиңиз 1 айда бүтөт деген»

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев «Би-Би-Сиге» маек берип, аны элчилик кызматка ким көндүргөнүн айтты.

«2019-жылы түрмөдөн чыкканда эле ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков президент болуп турган Сооронбай Жээнбековдун атынан айтып, «шайлоого, ички саясатка аралашпай эле аксакал болуп, элчи болбойсузбу?» деген. Мен «сот ишим бүтсүн» дегем. «Сиз макул болсоңуз, 1 айда сот ишиңиз бүтөт, буйрук да чыгат» деди. Мен «жок, партия менен шайлоого катышабыз» деп койдум. Ковид болуп ооруканада жатып калдым. Анан шайлоого катышпасын, соттоп жиберели дешти окшойт, мени издешти. Дарыгерлерге да кысым болду. Бул окуя кийин да кайталанды. Эки жолу тең «шайлоого катышам» дедим. Өтпөй калган соң, партиялаштар менен кеңештик, дипломатиялык иштин бир өзгөчөлүгү бар. Мен бир саясий режимге эмес, Кыргызстанга иштейм. Ошол үчүн жеке көз карашымды өзгөртпөй, карама-каршы да келбейт. Албетте, мен Дастан Жумабековдун атын айтып койгонум туура эмес болуп калды. Сырды ачпаш керек. Бирок ошол сунуш ишке ашты», — деди Текебаев.