Өмүрбек Текебаевдин Германияга элчи болуп дайындалганы маалымдалууда

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалганын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Алардын жазган маалыматтары боюнча, жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда кол койгон жана расмий билдирүү түштөн кийин таратылары да айтылды. Бирок президенттик аппарат бул боюнча маалымат бере элек.