«Өмүрүнүн бир бөлүгүн калтырды». Депутат 6-чакырылыштын депутаттарына Ак үйгө тоскоолдуксуз кирүү укугун берүүнү сунуштады

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын акыркы жыйыны деп айтылып жатат. Бул тууралуу депутат Саматбек Ибраев жыйында билдирди.

«Жогорку Кеңештин имаратына биздин депутаттар абдан көп эмгек кылышты. Бул жерде өзүнүн өмүрүнүн бир бөлүгүн калтырып кетти. Ошондуктан токтом аркылуу жыйында кабыл алып койсок. Келген депутаттарга жардам беребиз. Жаш муундардын өсүшүнө коллегалар салым кошот деген ойдомун. Ошондуктан имаратка 6-чакырылыштагы күбөлүгү менен кирип-чыкканга уруксат берген токтом чыгарып койсок деген сунушум бар», — деди ал.

Буга төрайымдын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева депутаттардын мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзам боюнча иш кылуу керектигин, бул ашыкча экенин айтты.