Орозайым Нарматова: «Кылмышкер деп айыптаганы туура эмес болуп калды. Бул анын өтмүшүн унутуп калганын билдирет»

«Кылмышкер деп айыптаганы туура эмес болуп калды. Бул анын өтмүшүн унутуп калганын билдирет». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Орозайым Нарматова «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Президенттин маегин үстүртөн гана көрүп калдым. Аскар Акаевдин буга чейин кылган кылмышы дейбизби же туура эмес кылган жоруктары дейбизби, бар-жогун актап кетти дептир. Эми Акаев аппак болсо, анда мен капкара экенмин. Эки миллионго жакын мекендештерибиз сыртта жүрөт. Ошолордун азыр сыртта жүргөнүнө жападан жалгыз себепкер инсан ак экен. Кечээ эле Садыр Жапаров Кумтөр боюнча Аскар Акаевдин күнөөкөр экенин бизге окшогон жаштарга айтып жаткан адам эмес белеңиз деп айткым келет. Жапаров биз тууралуу кылган кылмыштары үчүн дептир. Кайсы кылмыш? Сот бизди кылмышкер деп чечим чыгардыбы? Биз Кумтөрдү талкадыкпы, адам өлтүрдүкпү, бирөөнү барымтага алдыкпы, банкты басып алып, акчасын жеп алдыкпы же шахтыны сатып жибердикпи? Кылмышкер деп айыптаганы туура эмес болуп калды. Бул анын өтмүшүн унутуп калганын баяндайт», — деди Орозайым Нарматова.

Кечээ, 17-январда президент Садыр Жапаровдун басылмалардын бирине берген маеги жарыяланган. Анда ал «Экөөнүн тең бети калың экен. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат? Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи?» деген.