«Орус тили расмий тил катары бекитилген». Садыр Жапаров бул маселеде саясий манипуляция жасоо аракеттерине каршы экенин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-мартта Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды.

Кыргызстанда орус тилинин статусу маселесине токтолуп, Садыр Жапаров бул маселеде саясий манипуляция жасоо аракеттерине чечкиндүү каршы экенин белгиледи. «Орус тили өлкөнүн Конституциясында расмий тил катары бекитилген»,- деди ал.

Алексей Оверчук бүгүн кол коюлчу макулдашуунун алкагында Кыргызстанда курула турган мектептердин долбоору тууралуу айтып берди. Маалыматка ылайык, жаңы жалпы билим берүү жайларынын бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү — Кыргызстан менен Орусиянын аттестаттарын алышат.