Орусияда кыргыз жаштары көп камалып жатканы айтылды

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде Орусияда курьер болуп иштеп жүрүп көп жылга камакка алынып калган кыргызстандык жаштар тууралуу маселе көтөрүлдү.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Орусияда 18-25 жаштагы кыргызстандык жаштар “аябай көп камалып жатышканын” билдирди.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу ата-энелер жана жергиликтүү бийлик сыртка жумушка кетип жаткан балдарына ушундай коркунуч бар экенин эскертиши керектигин айтып, чет жерде жүргөн жаштар акчага алданып жатканын билдирди.