Өзү жетектеп турган агенттиктин аталышын айта албаган директор депутаттан уруш укту (видео)

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбековго депутат Жеңишбек Токторбаев «сиз кызматыңызга татыктуусузбу?» деген суроо салып, жетектеп жаткан агенттиктин аталышын сурады.

«Азыр жакшы мамлекеттик кызматка келиш үчүн же шоопур болуш керек же офицер болушу керек. Улан Кадырсултанович сизди бул кызматка ким алып келди?» — деп сурады депутат.

«Президенттин жарлыгы боюнча», — деди ал.

«Сизди мамлекетти оңдойт деп алып келди да. Сиз тазасызбы? Ушул кызматка татыктуусузбу?» — деди депутат.

«Азыркы ээлеп турган кызматыңыздын туура аталышы кандай? Окубай туруп айтып бериңиз», — деди депутат иштегенге аракет кылып жатам деген директордун жообунан кийин.

Жетекчи так айта алган жок. «Билбейсиз, жок дегенде жаттап келбейсизби. Ушул сиз ээлеген кызмат азыр керекпи? Сиз баштаган агенттик эмне жумуш аткарат? Бир ай болду дайындалганыңыз», — деди депутат.