«Өзүм билемдикке, коррупцияга, диктатурага алып келет». Өмүрбек Текебаев Эдил Байсаловго жооп берди

«Ата Мекен партиясынан» Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Текебаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сөзүнө жооп берди. Ага чейин Байсалов социалдык тармактарга Текебаевди сындаган пост жарыялап, анда ал депутаттыкка талапкер азыркы бийликти сындаганга укугу жок экенин билдирген эле.

«Эдил Байсаловдун деңгээлине түшүп, акыйнек айтышуу мага туура келбейт. Бирок ал айтып жаткан сөз абдан маанилүү, чоң коркунучту билдирет. Биздин мамлекет өзүм билемдиктин айлампасына түшүп бара жатканын көргөзгөн белги. Байсалов мындай дейт: «Текебаев, силердин кеңешиңердин эч кимге кереги жок. Оозуңду ачканга укугуңар жок». Байсалов эмне адамдын сөзүн эмес, башын алганга укугу бар Кудаяр ханбы? Эч ким, сот дагы Кыргыз жаранынын сөз эркиндигине болгон укугун, мыйзамдын сакталышын талап кылган укугун жокко чыгара албайт. Эгер мен ката кетирген болсом, туура эмес айткан болсом, сөзүмдү артка алганга даярмын.

Өлкөдө абал оор, энергетикалык кризис ар бир үйгө кирип келди. Ошондой кырдаалда Конституцияда көрсөтүлгөн тартипте Кыргыз өкмөтү жыйын өткөргөн жок. Ал жыйынды президент өзү жетектеш керек эле. Урматтуу, Эдил Байсалов, урматтуу президент Садыр Жапаров, Конституцияда өкмөттүн иши ачык жана айкын болот, жыйын болор алдында жарандарга кабар берилет, күн тартиби жарыяланат, жыйындын аудио-видео жаздыруулары 2 күндөн кем эмес убакытта элге жарыя кылынат деп айтылат. Бул мыйзамдын талабы. А Байсалов эмне дейт? Биз өзүбүз билебиз дейт. Президент керек болсо, түнкү саат 3тө бизди телефон менен ойготуп, кеңешет дейт. Жолугушканга шашып, убакыт жок болсо, СМС менен тапшырма берет дейт. Бул Конституцияда көрсөтүлбөгөн форма. Муну кыргыздар «бармак басты, көз кысты» дейт. Бул коррупцияга алып келет. Бул өзүм билемдикке алып келет. Бул диктатурага алып келет. Байсаловдун бул билдирүүсү жөн билдирүү эмес, бул символикалык билдирүү. Байсалов президенттин түшүн жоруган, анын оюн алдын ала билген көзү ачыктай өзүн позициялап жүрөт. Демек, анын сөзү президентке жаккан ой, демек, анын айткан сөзү президент каалаган сөз деп түшүнүшүбүз керек», — деди Өмүрбек Текебаев.