«Парламент алсырап турат». Алмамбет Шыкмаматов эмне үчүн шайлоого катышып жатканын айтты

Саясатчы Алмамбет Шыкмаматов «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде эмне үчүн министрлик кызматтан кетип, парламенттик шайлоого катышууга ниеттенип жатканы тууралуу кеп кылды.

Анын айтымында, азыр эң алсырап турган — бул парламент. «Парламент элдин купулуна толбой, жаңы келгендери мыйзам эмне экенин түшүнүшпөй, берген суроолору жанагыдай. Мен элдин таразасына кудуретимди койдум да. Ошондой болуп турган маалда мен парламентке барып, мыйзам жаатында иштеп берейин деп ойлодум. Мыйзам иштесе, мамлекет оңолот», — деди ал.