«Парламент экиге бөлүнүп жатат». Тазабек Икрамов Айдарбеков арыз жазып кетиши керектигин айтты

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Чыңгыз Айдарбековго парламент экиге бөлүнгөндүктөн, өз каалоосу менен арыз жазууга кеңеш берди.

«Кылмыш деп айткандан алыс бололу, баарын убакыт көрсөтөт. Калыстык үчүн айтып коеюн. Парламентте алып барып жатканы өзү туура эмес болчу. Депутаттар кагазды окуп чыкканда жакшы болмок. Парламентти экиге бөлүп, ызы-чуу кылбай, Чыңгыз мырза да сүйлөп, арыз жазып берсе, туура болгону турат. Парламент экиге бөлүнүп жатат»,- деди ал.