Жогорку Сот Талант Мамытовго карата БШКнын арызын дагы кайтарды

Жогорку Соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кассациялык даттануусун процесстик мыйзамдын талаптарына туура келишин карап чыгып, кайра кайтарды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

«Административдик процесстик кодексинин 203-беренесинин 6.7-бөлүгүнө ылайык, биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими чечим чыгарган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде кассациялык инстанциядагы сотко кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Даттанууну берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин даттануулар кабыл алынбайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте кайра кайтарылат. Ошол эле учурда, Бишкек шаарынын административдик сотунун 28-октябрдагы чечимине кассациялык даттануу 2-ноябрда берилген, башкача айтканда, сот актысына даттануунун үч күндүк мөөнөтү өткөндөн кийин, буга байланыштуу даттануу өндүрүшкө кабыл алынбайт жана кайра кайтарылышы керек», — деп айтылат маалыматта.

Жогорудагынын негизинде, соттук коллегия Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Бишкек шаарынын административдик сотунун 28-октябрдагы токтомуна карата кассациялык даттануусун арыз ээсине кайтарып берүүнү аныктаган.