«Планшет колдонолу деп жатабыз». Садыр Жапаров айыл өкмөт башчынын сунушун четке какты

1-июндан тарта мамлекеттик органдар электрондук документ жүгүртүүгө толук өтө албай жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Жыйында Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысы Зарлык Тургунбаев президенттен айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерин жана муниципалдык кызматкерлерди жумушка алууда компьютердик тестирлөөнүн милдеттерин жеңилдетүүнү суранды.

«Биз оорлотолу деп жатпайбызбы. Компьютерге өтөлү, планшет колдонолу деп жатабыз. Ар бириңердин алдыңарда тонналаган кагаз, калемдер жатат. Мына менин алдымда эч нерсе жок. Ушунун ичине баары батат. 1-июлдан баштап кагаз алып бербейбиз дегенбиз. Бирок көпчүлүк министрликтер, агенттиктер өтө албай жатышат», — деди ал.