Президент депутаттардан «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун тез арада кароону суранды

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат. 

Президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмас Абытов мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан бул мыйзам долбоорун чукул арада кароону өтүндү.

Бул мыйзам долбоорунун баяндамачысы болуп жумушчу топтун жетекчиси, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев дайындалды.