Президент “Кумтөр” маселеси боюнча: «Алтынды сатып алам деген кардарлар кезекте турушат»

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө берди. Жалпы төрт маселе боюнча жазып, анын биринчисин электр энергиясына, экинчисин «Кумтөр» маселесине арнаган.
«Биздин сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтыныбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып.
“Эл аралык соттон утулуп калсак эмне болот?” дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт», — деп жазылат билдирүүдө.