Президент: «Мадумаров кол койгон протоколго таянып, тажиктер жерди «биздики» деп жатышат»

«Төрт-Көчөгө келсек, 2009-жылы 3-мартта Коопсуздук кеңешинде кызматта болгон Адахан Мадумаров кол койгон протокол бар. Ушул жерди тажиктер «биздики» деп жатат, мен «жок, бул жүз жылдан бери Лейлекке өтүп жүргөн жол» деп жатам». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйында билдирди.

«Мен чек араны бүгүн отуруп чечүүгө даярмын, бирок ал маселе бизден эле көз каранды эмес. Чек ара оюнчук маселе эмес экен. Апрель айында чек арада чыккан жаңжалга чейин Өзбекстан менен чек араны такташып жатканбыз, муну бүтүрүп, кийин Тажикстан менен такташууга өтөлү дегенбиз.

Май айында УКМКдан өкмөттөр аралык комиссиядан маалыматтарды алдырттым. Ал жерде 3 талаш-тартыш маселе бар экен. Бул Төрт-Көчө, Жака-Өрүк менен Көк-Таштагы 275 метр, Ворух анклавына кеткен жол, Баткен менен Лейлек районундагы талаш жерлер. Төрт-Көчөгө келсек, 2009-жылы 3-мартта Коопсуздук кеңешинде кызматта болгон Адахан Мадумаров кол койгон протокол бар. Ушул жерди тажиктер «биздики» деп жатат, мен «жок, бул жүз жылдан бери Лейлекке өтүп жүргөн жол» деп жатам. Алар ошол кагазды бетибизге такап жатат. Протоколдун жөнү мындай — Адахан Мадумаров 275 метр жерди Тажикстандыкы деп таанып, бирок Кыргызстанга 49 жылга ижарага берип тургула деген. Андан бери 12 жыл өттү, 37 жылдан кийин тажиктер «ал жолду жабабыз же сүйлөшүүлөрдүн негизинде узартабыз» деп жатат. 275 метр эмес, 5 метр жер бергенге акыбыз жок. 37 жылдан кийин Лейлек анклав болуп калат, биз ушундайга макул болуп чечебизби? Жок. Ал протоколдун юридикалык күчү жок деп турабыз. «Баткен менен Лейлек райондорунда 210 миң гектар жерди талаш» деп жатышат. Коңшулар «1924-жылы ошол жер Кыргызстанга өтүп кеткен, бересиңер» дешти. «Жок, бул жер бизге өтүп кетсе, анда ошол жылы Мургаб силерге өтүп кеткен» дедим. Ал 3 миллион гектар жер.

Жамандагандай болбоюн, Адахан Мадумаров өзү абдан билимдүү, сүйлөсө тили буудай кууруйт, анан эмнеге ушундай катачылыкты кетирет? 2007-жылдын аягына чейин депутат болуп турганда «Каркыраны беребиз» деп 10 чакты жолу парламентке алып келишкен, чырылдап өткөрбөй койгом. Анан ошол жылдын аягында бизди таратып жиберишти. 2008-жылы апрелде «Ак жол» менен келип, Адахан Мадумаров спикер болчу, добушка коюп, өткөрүп жиберген. Ибрагим Жунусов чырылдап ыйлап кала берген», — деди президент Садыр Жапаров.