Президент: «Өзүбүз салсак бир чарчы метри 550 доллардан айланат экен»

«Өзүбүз салсак бир чарчы метри 550 доллардан айланат экен». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

— Кечээ эле сиз Фейсбуктагы баракчаңыз аркылуу массалык түрдө ипотекалык турак жайлар куруларын билдирдиңиз. Бул курулуштар кайсыл аймакта, качан башталат? Ал турак жайлардан кимдер ала алат? Кезекке туруу тартиби кандай болот? 

— Бишкек шаарына 6 миңден ашык батирлерди салып жатабыз, дагы салабыз. Региондордо дагы башталды. Мисалы: Нарында долбоору даярдалуу. “Кумтөр” берген акчаларына салып, МИК (Мамлекеттик ипотекалык компания) аркылуу берели деп жатабыз.

Таласта да долбоор өз нугунда кетип жатат. Аларга да “Жерүй” берген акчасына салып, МИК аркылуу берели деп жатабыз. Жалал-Абадда 200дөн ашык батир салынып жатат. Кудай буюрса, МИК аркылуу жакында тапшырабыз. Башка райондордун жана шаарлардын борборлорунан жерлерди бөлдүртүп жатабыз. Көп кабаттуу үйлөрдү салып, 20 жылдык мөөнөт менен МИК аркылуу беребиз. Акыркы убакта өзүңөр жакшы билесиңер, элдин саны өсүп, жерлер тарып баратат. Ошондуктан мындан ары көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасайлы, мамлекет өзүбүз салып берели деп жатабыз.

Эмне үчүн мамлекет өзүбүз салалы деп жатабыз? Эки жыл МИКке бюджеттен элге турак жай алып берүү үчүн акча бөлдүк. МИК болсо турак жайларды бир чарчы метрин 750 доллардан алып берип жатыптыр. Өзүбүз салсак бир чарчы метри 550 доллардан айланат экен. Бул деген сөз – элге да, МИКке да пайда деген сөз. Ошондуктан мамлекет өзүбүз колго алдык. Антпесек турак жай маселеси аябай чоң көйгөй болуп кетти. Эл үй салганга жер бөлүп бергиле деп туш-туштан кайрылып жатышат. Биз бир аз убакыт чыдап тургула. Силерге бөлүп берчү жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү салып берели деп жатабыз. Бир кишиге берген жерге көп кабаттуу үй салсак жүз үй-бүлөнү батырат экенбиз. Ошентип жерлерибизди үнөмдөшүбүз керек. Антпесек келечекте жерлер тарып, тамак-аш коопсуздугу жаралат. Келечекти кое туруп азыркыны эле айтсак, бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албайбыз.

Анткени түз жерлерибиз жетишпейт. Дан азыктарды чет өлкөлөрдөн импорттоп алып келебиз. Мен бир эле азыктын түрүн мисал келтирдим. Мындай мисалдар көп. Ошондуктан эл туура түшүнүп бир аз күтүп турушу зарыл. Региондорго да жетебиз. Баарына эле Бишкектен батир бере бербейбиз. Региондорго да көптөгөн көп кабаттуу үйлөрдү салабыз. Баткен, Ош, Жалал-Абадга, райондордун борборлоруна, кичи шаарларга салабыз. Ошондуктан МИКке кезекке туруп коё берсеңер болот. Мамлекеттик кызматкерлер эле эмес, жөнөкөй жарандар да кезекке туруп койсоңор болот. Кезек электрондук болот. Өз кезегиңди смартфонуңдан эле карап турсаң болот.