Президент прокуратура органдарынын кызматкерлери менен жолугуп жатат

22-ноябрь – Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү. Буга карата президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында прокуратура кызматкерлери менен жолугушуп жатат.

Иш-чарада Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчылары, прокуратура органдарынын кызматкерлери, ардагер прокурорлор бар.

Алгач өлкө башчы, куттуктоо жолдоп, прокуратура органдарынын алдыңкы кызматкерлерине мамлекеттик наам, сыйлыктарды тапшырды. Кыргыз Республикасынын прокуратура органы түзүлгөнүнө быйыл 97 жыл толду.