Президент Садыр Жапаров 21 өлкөнүн элчисинен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта өлкөдө аккредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Германия Федеративдүү Республикасынын элчиси Габриэла Геллил, Албания Республикасынын элчиси Кастриот Робо, Мексика Кошмо Штаттарынын элчиси Гильермо Алехандро Пуэнте Ордорике, Мавритания Ислам Республикасынын элчиси Сид Ахмед Эль Бекайе Хамади, Норвегия Королдугунун элчиси Жон Микал Квистад, Таиланд Королдугунун элчиси Чатчаван Сакорнсин, Латвия Республикасынын элчиси Ирина Мангуле, Эфиопия Федеративдүү Демократиялык Республикасынын элчиси Адем Мохамед Махмуд, Йемен Республикасынын элчиси Мухаммед Мотахар Алашаби, Италья Республикасынын элчиси Марко Альберти, Бельгия Королдугунун элчиси Анри Вантигем, Босния Республикасы жана Герцеговина элчиси Желько Самарджия, Гана Республикасынын элчиси Эрик Овусу-Боатенг, Румыниянын элчиси Мадалина Лупу, Эстон Республикасынын элчиси Тоомас Тирс, Доминикан Республикасынын элчиси Франк Ханс Данненберг Кастельянос, Канаданын элчиси Алан Хэмсон, Түндүк Македония Республикасынынын элчиси Сали Лимани, Испания Королдугунун элчиси Хорхе Урбиола Лопес де Монтенегро, Грек Республикасынын элчиси Эфталия Какиопулу жана Бириккен Араб Эмиратынын элчиси Мухаммед Саид Мухаммед Аль-Арики тапшырды.

Садыр Жапаров Кыргызстандын эки тараптуу жана көп тараптуу дипломатиянын алкагында тышкы саясий багыты ырааттуу, алдын ала айтууга боло турган, прагматикалуу жана эл аралык кызматташтыкта улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө багытталган бойдон кала берерин белгиледи. «Биз бардык өлкөлөр менен саясий-дипломатиялык байланыштарды, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирип, өнүктүрүүнүн жалпы багытын улантууга чечкиндүүбүз», — деди президент.