Президент Садыр Жапаровдун 10-октябрдагы жарлыгы менен 5 киши генерал наамынан ажыратылды. Маалыматты президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов тастыктады.
Ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмазбек Орозалиевди, Мирлан Каниметовду, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Малик Нурдиновду милициянын генерал майору наамынан ажыратты.
Ошондой эле УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Талантбек Салиев менен УКМКнын 9-кызматынын экс-жетекчиси Санжарбек Эркинбаевдин генерал майор аскердик наамы алынды.
Ай молодец!Кыргызстанга генерал днген нам вообше бербеш керек !Полковник эле жетет!Ушуну Ташиев мырза баштаса жакшы болмок!Озу полковник болсо ,калгандары туурашмак!Же согушка катышышпаса,же жыргаткан армиябыс жок болсо,каяктагы генерал? Торт полковник жетет Кыргызстанга,каждый силовой тармака бирден полковник!!!