Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ЖЭБдин абалы менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Бишкек ЖЭБинин абалы жана анын 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы менен таанышты.

ЖЭБ директору Нургазы Курманбековдун айтымында, ишкана күнү-түнү иштейт, анткени ал Кыргызстандын электр энергиясын керектөөнүн 1/10 бөлүгүн камсыз кылган электр энергиясын өндүрүүнүн бирден-бир негизги булагы болуп саналат. Кышкы максималдуу жүктөмдөрдүн мезгилинде ЖЭБ 11 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат, бул ири ГЭС иштеп чыккан электр энергиясына барабар. Бишкек ЖЭБине жыл сайын 1,5 миллион тонна көмүр сатып алынып, график боюнча үзгүлтүксүз келип турат. Мазут боюнча эч кандай көйгөйлөр жок, учурда жабдууларды керектүү пландуу оңдоо жана профилактикалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинин аймагында 283  миң 89 тонна көмүр бар.

Директордун айтымында, ЖЭБдин аймагындагы бардык көмүр салмактык көзөмөлдөн өтүп, келип жаткан катуу отундун сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн үлгүлөр алынат. Ошол замат лабораторияда кылдат талдоо жүргүзүлүп, күйүүчү майдын талап кылынган сапаттык мүнөздөмөлөргө ылайыктуулугу аныкталат. Быйыл сапатты көзөмөлдөө күчөтүлгөндүктөн 100 миң тоннага аз көмүр жагылган.

Ушул эле жерде мамлекет башчысы ыкчам кеңешме өткөрүп, анда «Электр станциялары» ААК жетекчилигине шаардыктарды жылуулук жана жарык менен камсыз кылып жаткан Бишкек ЖЭБинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин карап чыгып, жакынкы аралыкта чечүүнү тапшырды.