Президент Садыр Жапаров бүгүн жана эртең Баткен облусунда болот

Президент Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барат.

Мамлекет башчысы иш сапардын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышат. Ошондой эле, президент Садыр Жапаровдун Нооруз майрамына карата иш-чараларга да катышуусу күтүлүүдө.