Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Улуу Британияга барат

Президент Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Глазго шаарына (Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландия) иш сапары менен барып, анын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары, Саммит аянтчасында мамлекет башчысы чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

«БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 26- сессиясы 2021-жылдын 31-октябрынан 12-ноябрга чейин Глазгодогу Шотландиялык конгресс-борбордо өтөт. Уюштуруучулар – Улуу Британия Италия менен биргеликте. Тараптардын конференциясы Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын ишке ашуусуна обзор жана мониторинг жасоого, чечимдерди кабыл алууга жооптуу орган. Ал тараптар деп аталган, Алкактык конвенцияга кошулушкан 197 өлкө жана территорияны бириктирет. Тараптардын конференциясы жыл сайын чогулат. Тараптардын 21-конференциясы 2015-жылдын декабрында Парижде (Франция) өтүп, өзүнүн натыйжасы боюнча тарыхый болуп калды. Анда биринчи эл аралык климаттык келишим жетишилген», — деп айтылат маалыматта.