Президент Садыр Жапаров Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-майда Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарында КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолугушту.

Ли Цян эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын оң динамикасын канааттануу менен белгиледи. Анын айтымында, зор рынокко ээ болгон Кытай Кыргызстан үчүн ачык. Ошого байланыштуу Кыргызстандан жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын импорттоого кызыкдар экенин билдирди. Ошону менен бирге Кытай аймактарды өнүктүрүү, өткөрүү пункттарындагы инфратүзүмдү жакшыртуу жаатында, шамал энергетикасы менен гидроэнергетика жана башка өз ара пайдалуу долбоорлор боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнү колдой турганын кошумчалады. Ошондой эле Мамкеңештин премьери “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи. Туризм тармагындагы кызматташууга токтолуп, Кыргызстан Кытайдын туристтери тарабынан барууга сунушталган өлкөлөрдүн тизмесине киргендигин өзгөчө белгиледи.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай биргелешкен ири жана маанилүү долбоор болуп “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу саналат. Бул темир жолдун курулушу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” демилгесин турмушка ашырууда биздин өлкөлөрдүн кошкон салымы болуп саналат», — деди Садыр Жапаров. Ошондой эле президент өз ара соода деңгээлин жогорулатууда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иши маанилүү роль ойноорун белгиледи. Кыргыз тарап алардын ишмердигин оптималдаштыруу үчүн «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын ишин жети күндүк график менен күнү-түнү иштөөгө өткөрүүнү сунуштоодо.

Соңунда Садыр Жапаров Ли Цянды Кыргызстанга расмий сапар менен келип, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга чакырды.