Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда өлкөгө расмий сапар менен келген Өзбекстандын Тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды.

Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы жалпы тарыхый мураска, маданиятка, тилге, руханий салттар жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдирди.

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге саламын жана жакшы каалоолорун жолдогон. Өз кезегинде Владимир Норов Садыр Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзийоевдин саламын жолдоду. Ал эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирди. Анын ичинде Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, анын уюштуруу-мазмундук бөлүктөрү жана башка маселелер талкууланган. Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди.