Президент Садыр Жапаров судьялардын масштабдуу ротациясын жүргүздү

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, жергиликтүү соттордун айрым иштеп жаткан судьялары башка жергиликтүү сотторго которулду.

Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жана Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушуна ылайык, жергиликтүү сотторунун айрым судьялары которулду.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жергиликтүү соттордун айрым иштеп жаткан судьялары Конституцияда каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулду.