Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Пекин шаарына 3-февралдан 6-февралга чейин болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 6-февралда Бишкекке кайтып келди.