Президент Улуу Британияга сапар алды. Аны кимдер коштоп кетти?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда иш сапары менен Улуу Британия падышачылыгы жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт. Мындан тышкары, саммиттин аянтчасында чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

— Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев.