Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында болду. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун калкына адистештирилген медициналык жардам көрсөткөн медициналык мекеменин жаңы имаратын, палаталарын жана операция жасоочу бөлүмүн көрүп чыкты. 100 жатак орунга эсептелген жаңы корпуста төрт бөлүм бар. Бул жаак-бет, ЛОР, көз жана урология бөлүмдөрү.
Садыр Жапаров оорукананын жамааты менен жолугушуп, баарлашты. Ал эки жылдан бери эч нерсеге карабай коронавирус менен күрөшүп келе жаткан медицина кызматкерлеринин талыкпаган эмгегин белгиледи. «Колубуздан келишинче ооруканалардын жаңы имараттарын, айылдарда ФАПтарды куруп жатабыз. Албетте, бардыгын бир заматта жасап салгың келет. Бирок бүгүнкү күндө мамлекеттин андай мүмкүнчүлүгү жок. Акыркы 10 жылда биз артка кеттик. Эми гана бутубузга туруп жатабыз, өлкө бюджети профицит менен чыкты. Бизди жаңы басып жаткан балага салыштырса болот», — деп ишендирди өлкө башчысы.
Президент белгилегендей, келерки жылы бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда. Ал ошондой эле турак-жай менен камсыз кылуу маселесине токтолду.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун тургундарына жалпысынан 418 мекеме медициналык жардам көрсөтүүдө.