Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган Дастан Дүйшөкеевдин өмүр баяны
17-ноябрда Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы, кийин кеңешчиси болгон Дастан Дүйшөкеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганы маалым" target="_blank">https://supertv.kg/kabarlar/sayasat/japarovdun-basma-soz-katchysy-jany-kyzmattuu-boldu/">маалым болду. Анын өмүр таржымалы жана эмгек жолу тууралуу маалымат жоктугуна байланыштуу президенттик аппаратка кайрылып алдык.
Дастан Станбекович Дүйшөкеев 1987-жылы 12-декабрда жарык дүйнөгө келген.
Билими жогорку. 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетин аяктаган. 2015-жылы Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
2008-2010-жылдары - "AlfaTelecom MegaCom" жабык акционердик коомунда Call Center адиси;
2010-2011-жылдары - "AlfaTelecom MegaCom" жабык акционердик коомунда аймактарда жана тейлөө борборлорунда тармакты өнүктүрүү боюнча башкы адиси;
2011-2015-жылдары - Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиясында билим алуу;
2015-2016-жылдары - Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү республикалык фондунун айлана чөйрөнү коргоо чаралары боюнча жумушчу топтун адиси;
2016-2017-жылдары - А.П.Чехов атындагы жалпы билим берүү мекемесинде дүйнөлүк тарых, Кыргызстан жана Орусия тарыхы, коом таануу сабактарынын мугалими;
2017-2018-жылдары - Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы. Ал эл аралык уюмдар, фонддор жана бейөкмөт уюмдар, ошондой эле Швейцария, Орусия, Кытай, АКШ жана Ирандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиликтери аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштеген.
2018-2020-жылдары - “2GIS” жана "Полипласт-Восток" эл аралык компанияларында Орусиянын бизнес долбоорлорун ишке ашыруу.
2020-жылдын октябрь айынан ноябрь айына чейин - Премьер-министрдин пресс-катчысы.
2020-жылдын ноябрь айынан баштап - Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.