Президенттин администрациясынын имаратын “Кыргыз курулуш сервис” ишке ашырат

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын жоюлушу боюнча, президенттин администрациясынын административдик имаратын куруу долбоорун президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз курулуш сервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган “Архи-Вижн” ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу (подрядчы) аныкталат.

Жоюлган Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын башка долбоорлору болгон эмес.