Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө сөгүш жарыяланды

Президенттин «Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн кеңешмеде президент тарабынан кабыл алынган чечимди Айбек Жунушалиев билдирген. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына кайрылып, жогорудагы жарлык ар кандай үй-бүлөлүк майрамдарды, эскерүү ырым-жырымдарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө негизсиз чыгымдарды кыскартууга багытталгандыгын белгиледи.

«Калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштери улантылышы керек. Ар бирибиз үй-бүлөлүк майрамдарда жана маркумду эскерүү иш-чараларында негизсиз ысырапкорчулуктун зыяндуулугун жана акылга сыйбастыгын түшүнүшүбүз керек, мунун айынан айрымдар карызга батып, карыздан көп жылдар бою кутулууга туура келүүдө», — деди президенттин администрациясынын өкүлү Айбек Жунушалиев.