Президенттин кеңешчиси: «Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы кызматтык этикага туура келбей калды»

Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы этикага туура келбей калды. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Мен башкы прокурор менен ал меселени сүйлөшө албагандыктан, так айта албайм. Бирок чынын айтыш керек, ошол күнү президент барып «Алтын Балалыкты» ачты (ред. реабилитациялык борбор), ал жерде президент менен министр (ред. Алымкадыр Бейшеналиев) чогуу жүрдү, УКМКнын төрагасы, башкы прокурор да жүрдү. Баары чогуу жүрүштү. Баары чогуу келишти. Кечке жуук Бейшеналиев кармалып калды. Мында кызматтык этика кичине туура эмес болуп калды. Анткени бир-эки күндөн кийин же ага чейин кармаса болмок же биз ал кишини кармайбыз, сиз ачылышка барбай туруңуз деп президентке маалымат берилиши керек болчу«, — деди ал.