Президенттин кортежине бодо малдар тоскоолдук кылып жатабы? Депутат жол боюна мал жайганды токтотуш керек дейт

Акыркы күндөрү жол кырсыгы көбөйүүдө. Жол тескөөчүлөр рейд өткөрүп жатканын айтып, интернетке маалымат жүктөп жатышат. Бирок жыйынтык начар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков айтып чыкты.

«Коопсуз шаар» деп, көзөмөл орнотуп жатабыз. Камера турса эле жол кырсыгы азайып калбайт. Биз өзүбүздүн аң-сезимибизди көтөрүшүбүз кажет. Эртең менен жолго чыгарда жакшы ниет кылышыбыз керек. Жакында эле Таласта болгон жол кырсыгында менин маалыматым боюнча жолдун жээгиндеги оттоп жүргөн бодо мал жүгүрүп чыгып, айдоочу малдан качам деп, оор жүк ташуучу унаага урунуп, 8 адам көз жумду. Көлдө дагы бодо малдар жолго чыгып кетип, жол кырсыгы болуп жатат. Ошондуктан жолдун боюна мал жайганды токтотуш керек. Маршруттук таксинин айдоочусу мага Манас проспектисинде жылкылар жайылып жүргөнүн айтып, аз жерден унаанын ичиндеги жарандар менен коңторулуп кала жаздаганын айтты. Бул жерден делегация, президенттин кортежи өтүп жатат. Муну алдын албасак, кокустуктар болушу мүмкүн», — деди ал.