Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаевдин «Бишкек асфальт сервис» ишканасына директор болуп дайындалганы белгилүү болду

Турусбек Түмөнбаевдин «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасына директор болуп дайындалганы белгилүү болду. Бул тууралуу мэриянын сайтында көрсөтүлгөн, бирок бул тууралуу расмий жарыяланган эмес.

Турусбек Түмөнбаев депутат Акылбек Түмөнбаевдин бир тууганы. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кудасы.

Түмөнбаев 2021-жылы Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору кызматынан бошотулган.