Равшан Жээнбеков кайра шайлоого катышарын билдирди

Учурда камакта кармалган Равшан Жээнбеков Ленин райондук шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышарын билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Шайлоого барам! Саясий күрөш уланат», — деп жазды ал.

Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад боюнча массалык кармалгандардын арасында болгон. Ал учурда СИЗО-1де кармалууда.