Русланбек Тагаев Чүй районунун акими болуп дайындалды

Русланбек Тагаев Чүй облусунун Чүй районунун акими болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Тагаев Русланбек Таштанбекович Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Алмаз Аттокуров Чүй облусунун Чүй районунун акими кызматынан бошотулду.