Садыр Жапаров: «Алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр казууну 1 миллион 500 миң тоннага жеткиребиз деп пландап жатабыз»

«Кыш мезгилинен кыйынчылыксыз чыгып алдык», — деп жазды президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына.

Анын берген маалыматына караганда, 2021-жылы Кара-Кече көмүр кенинен 1 миллион 225 миң тонна көмүр казып алынган. «2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө — 554 миң тонна көмүр казып алыптырбыз. 2021-жылы 1 миллион 225 миң тонна көмүр казып алууга жетиштик. Кудай буюрса, алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр казууну 1 миллион 500 миң тоннага жеткиребиз деп пландап жатабыз. Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылып, 100 миң тонна үнөмдөлдү десек болот. Себеби таза көмүр жактык. Өз убагында катуу көзөмөлдөп турсак эле баары орду ордуна келет экен», — деп жазды ал.