Садыр Жапаров Алматыга жөнөп кетти. Аны коштоп баргандардын тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда иш сапары менен Астана шаарына жөнөп кетти.

Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кечинде президент Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;

— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.