Садыр Жапаров: «Баары 4 саатка жакын убакыт жакшы олтуруп, анан тарашты»

Садыр Жапаров Дубайда мурдагы президенттерди бир эле себеп менен чакырганын, 4 саатка жакын сүйлөшүп отурушканын айтты.

«Сиздерди чогулткан себебим бирөө эле — ынтымакка алып келүү. Башчылар ынтымакка келмейин, башкалар ынтымакка келиши кыйын экен. Ошондуктан тарапташтарыңарды ынтымакка чакыргыла. Чындап келсе мен силердин тарапташтарыңардын колдоосуна деле муктаж эмесмин. Өзүмдү колдогон 80 пайыз элдин колдоосу деле президенттик мөөнөтүм бүткөнчө жетет. Бирок калган 20 пайыз эл “баланчаевчи, түкүнчөевчи” болуп алты-жетиге бөлүнүп жүрөт. Келгиле бир эле кыргызстандык бололу.

Менден кийинки сөздү улуулашып Аскар Акаевич улады. Андан соң баары сөз сүйлөп, “ынтымакка келели, бир муштум болуп биригели” деген демилгемди колдоп кубатташты. Баары 4 саатка жакын убакыт жакшы олтуруп, анан тарап кетишти», — деди ал.