Садыр Жапаров Балдар укугу боюнча жаңы өкүлдү дайындады

Бүгүн, 22-мартта Жыпариса Рысбекова Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Аталган кызматка Асел Чынбаева дайындалды. Ал өткөн жылдын февраль айынан октябрга чейин Юстиция министри кызматын аркалаган.