Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жогорку сыйлыгы менен сыйланды

Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович жана Азия-Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов менен жолугушту.

Жолугушуу Бишкекте башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алкагында болгон. Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн эки жаш курак тобунда Азия чемпионатын өткөрүү чоң сыймык экенин, Кыргызстанда эркин күрөш, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү өтө популярдуу экенин белгиледи. Ал кыргыз тарап бул эл аралык спорттук уюмдар менен мындан ары да терең кызматташууга кызыкдар экенине көңүл бурду.

Бириккен күрөш дүйнөсү-Азия президентинин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда күрөш эң күчтүү спорт түрлөрүнүн бири. Кыргыз балбандары Азия континентинде эле лидер болбостон, өлкө атын дүйнөгө ийгиликтүү даңазалоодо. Аны менен бирге, спорттук күрөштү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана тилектештик, достук жана өз ара түшүнүү рухун бекемдөө үчүн президент Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жогорку сыйлыгы менен сыйланды.