Садыр Жапаров: “Биздин максат — жаңы Кыргызстанды куруу”

“Эл сыймыктары калың журт үчүн шам чырак болуп, аларды алга сүрөп, шык-дем берип, акыры улуттун уңгусу менен өзөгүн түзүп калат”, — деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.

Ал өз сөзүндө “Биздин максат — жаңы Кыргызстанды куруу” деген ураанды чакырып келерин айтты.

“Биздин максат — жаңы Кыргызстанды куруу” деген ураанды чакырып келебиз. Анын маани-маңызы менен максатын  кайталай кетейин: жаңы Кыргызстан өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болууга тийиш. Мына ушундай улуу максаттарга умтулууда өтөгөн эмгеги менен өзгөчөлөнгөн жарандарыбыздын ак кызматын өз учурунда татыктуу баалоо келечекте дагы негизги иш-милдеттерибиздин бири болуп кала бермекчи. Кудай буюрса быйыл мамлекетибиздин экономикалык абалын көтөрүүгө өзгөчө басым жасап, экономикалык долбоорлорго маани берип турган чагыбыз.

Дүйнө бир мүнөт да аярлабай, алга жылуунун, ааламдашуунун үстүндө болуп жаткан маалда, мамлекет менен коомчулуктун өзөгүн түзгөн, сиздер сындуу эмгеги өткөн өкүлдөрүнүн көздөгөн максаты, беттеген ою, жасаган иши, сүйлөгөн сөзү төп келиши шарт. Ал үчүн урагыс биримдигибиз, бири-бирибизге бекем ишеничибиз, чын дилден сый-урматыбыз өтө маанилүү. Байыркылыгы менен башкалардан, көөнөлүгү менен көптөрүнөн айырмаланган нускалуу элибиз, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара” бир туунун астында биримдиктүү бололу деп сөз беришип, ийгиликтерге жетип келишкени жөн эместир. Биз үчүн бул улуу жол азыр да жаркын келечекке алпарчу түз багыт! Аспиеттеп сактап, аманат кылган мурастарын андан ары улап кетүүнүн жол картасы!

Урматтуу сыйлык ээлери, айтайын дегеним, баарыбыз биримдикти жана ынтымакты сактап, жапа тырмак иш кылсак, бабалар мурастаган мамлекеттүүлүгүбүздү, көз жоосун алган касиеттүү жерибизди, ага төрт тарабы шай келген нускалуу элибизди өнүктүрүп-өстүрүп кетүү мүмкүнчүлүгүн туура пайдалана алабыз», — деди ал.