Садыр Жапаров бул сапар футболдук беттешке жубайы жана уулу менен барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-июнда борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы менен Мьянма курамасынын футболдук беттешине барды. Ал Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында өттү.

Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова жана уулу Рустам Жапаров менен оюнга күбө болду.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма курама командасын 2:0 эсебинде жеңип алды.