Садыр Жапаров: «Бүгүнкүдөй атайын тактикалык машыгуулар мындан ары да өткөрүлөт»

“Тынчтык жана ынак коңшулук саясатын жүргүзүү менен биздин өлкө региондогу туруктуулуукту сактоо үчүн болгон күч-аракетин жумшап келет”, — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта “Калкан — 2022” атайын тактикалык машыгуусунда. Ал Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жатат.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдындагы өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Өзүңүздөр билесиздер, азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары көп кырдуу жана аймактар аралык мүнөздө. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, айрыкча Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу террордук жана диний-экстремисттик коркунучтардын жогорку деңгээлде сакталып турушу өзгөчө кооптонууга алып келет.

Биз коркунучтардын алдын алуу боюнча иш-аракеттерди бардык коңшу өлкөлөр менен биргеликте жүргүзүшүбүз керек деп эсептейбиз. Биздин өлкө бардык кошуна өлкөлөр менен тынчтык жана ынак коңшулук саясатын жүргүзүп, региондогу туруктуулуукту сактоо үчүн болгон күч-аракетин жумшап келет. Укук коргоочулар менен атайын кызматтар эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн жана экстремисттик агымдардын жактоочуларын аныктоону жана зыянсыздандырууну улантышууда.

Машыгуулардын активдүү фазасы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна болгон бардык коркунучтарга карата адекваттуу жооп кайтаруу чараларын көрүүгө даярдыгыбызды тастыктайт. Бүгүнкү машыгууларда Кыргызстанда алгач ирет учкучсуз учуучу аппараттардын, көп максаттуу автоунаалардын жана курал-жарак менен техникалардын, дагы башка заманбап каражаттардын колдонулганын өзгөчө белгилейм. Буга чейин улуттук жана аймактык коопсуздукту камсыздоо үчүн бир катар чечимдерди кабыл алып, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн дараметин кадыресе жогорулатууга тийиштүү тапшырмаларды берген элем. Биз күбө болгон иш-чарада коопсуздукту камсыздоонун, түзүмдөрдүн дараметин жогорулатуунун өнүгүү темпи байкалып олтурат. Бүгүнкүдөй атайын тактикалык машыгуулар мындан ары дагы ырааттуу өткөрүлүп турат”.