Садыр Жапаров Донбасстагы кырдаал боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу Украинанын чыгышында болуп жаткан окуялар боюнча үн катты. Анын айтымында, кырдаалды тынчсыздануу менен күзөтүп жатат жана ага кырдаалдын өнүгүшү, анын ичинде Донбасстын айланасындагы окуялар тууралуу дайыма маалымат берилип турат.

«Кыргыз Республикасы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин колдоосуна ээ болгон чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча бирден-бир документ болгон Минск келишимдерин сактоо зарылдыгын дайыма жактап келген. Тилекке каршы, анын аткарылбашы азыркы татаал кырдаалга алып келди. Курмандыктарды болтурбоо үчүн кырдаалды дипломатиялык жана сүйлөшүү жолу менен гана жөнгө салуу керек деп эсептейм. Адамдын өмүрү баарынан кымбат эмеспи. Жаңжалдын мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө үчүн кырдаалды жөнгөрүүдө акыл-эстүүлүк жана токтоолук менен мамиле кылууга чакырам. Балким, бул көп сандаган орусиялык жарандар жашаган Донбасс аймагындагы жай тургундарды коргоо үчүн аргасыз чара болушу мүмкүн. Бул же тигил мамлекетти таануу маселеси ар бир өлкөнүн суверендүү укугу экенин белгилеп койгум келет», — деп жазды ал.