Садыр Жапаров экс-президенттерге 2 суроо менен кайрылган. Алар кайсылар?

Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде экс-президенттерге 2 суроо менен кайрылганын айтты.

«Мен жөнүндө 13 жылдан бери эле «Бакиевден акча алып келип революция кылганы жатат, Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алып шайлоого барды. Экөөнө көз каранды» деген сыяктуу жалган сөздөрдү тараткандар болду. Кудайдын куттуу жери, пайгамбарыбыздын буту баскан ыйык жерде олтурабыз. Бирөөңөрдөн бир тыйын алган болсом, ушул жерден Кудай алдында айткыла» дедим. Албетте жок дешти.

Кыскасын айтсам, «Ушул жерде олтурган баарыңыздардын алдыңарда финансылык дагы, саясий дагы карызым, милдеттемем жок. Менин президент болушума бирөөңүздөрдүн дагы тиешеңер жок. Бир гана Кудай алдында, анан карапайым элдин алдында милдеттүүмүн. Кудай колдоп, карапайым эл алып келип бийликке койду. Ошондуктан “арабызда олтургандардын арасынан бирөө-жарымга милдеттенмеси барбы” деген ар кандай күмөн ойлордон алыс болуңуздар», — деди ал.