Садыр Жапаров эмне үчүн насыя алынып жатканын түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров «Кабар» сайтына кезектеги маегин берди. Анда тышкы карыз тууралуу сөз болгон.

 Мурда Кыргызстан тыштан карыз алса, анын көбүн бюджеттин таңкыстыгын жабууга коротчу. Азыр тыштан карыз алынып жатабы? Алынган болсо аны кайсыл багыттарга жумшап жатасыздар?

 Учурда алынып жаткан насыялардын көпчүлүгү, мурда коюлган келишимдердин негизинде бүгүнкү күнгө чейин түшүп жатат. Алынган насыяларды экономиканы өнүктүрүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорго жумшап жатабыз. Жөнөкөй тил менен айтканда, мурда карызы көп, мамлекеттин бюджети аз өлкө болсок, азыр мамлекеттин бюджети эки эсе көбөйдү.

Ачыгын айтыш керек, гранттарды, алынган кредиттерди максаттуу жумшабай, жарымын иштетип, жарымы уурдалып кеткен учурларды билебиз. Азыр алынып жаткан насыялар, келген гранттар максаттуу жумшалып, бир тыйыны текке кетпей көзөмөлүмдө турат.

Мурда алынган кредиттерге завод-фабрикалар, ири киреше алып келе турган ишканалар курулганда, азыр анын кирешесин алып, жемишин көрмөкпүз. Тилекке каршы, миллиарддап алынган кредиттердин көпчүлүгүнүн дайыны жок, карыздын үстүнө карыз болуп үйүлүп келе берген. Азыр экономикабыз кубаттуу болуп калды, мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмү быйыл 1 триллиондун тегерегине жетсе, 2027-жылга 2 триллиондон ашат деп болжоп жатабыз.

ИДПнын реалдуу өсүү темпи 2022-жылы 7 пайыз болуп, эң жакшы көрсөткүчкө жетти. Ошондуктан, тышкы карызды төлөө маселеси көйгөй эмес. Үч жыл мурда эле карызды кантип төлөйбүз, кайдан акча табабыз деген коркунуч болсо, азыр бул маселе бизди ойлондурбайт дагы. Андыктан, тышкы карызды улам көтөрүп, паника кылып, талкуулабай эле койсоңуздар болот.