Садыр Жапаров эртең Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү мамлекет башчысынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет. Мындан тышкары, жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө.