Садыр Жапаров Глазгого менчик учак жалдап кеткени айтылууда

Президент Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына менчик учак менен барды. Бул тууралуу «Азаттык» ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Алардын жазган маалыматына караганда, мамлекет башчыны ташыган «ТУ-154» үлгүсүндөгү учак техникалык жактан эскирип, эл аралык талапка жооп бербегендиктин аталган өлкө коопсуздуктан улам кондурбасын билдирген. «Айрым бир маалыматтарга ылайык, Садыр Жапаровго жакында жаңы учак алынат жана Түркияга ошол учак менен барат», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин администрациясы кайсы жана канча каражатка, кимдин учагы жалданганы тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.